Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жайлообай Нышанов Өзбекстанда каза тапкан Кыргыз жарандары ал жакка эндик өсүмдүгүнүн тамырын казуу үчүн барышканын айтты.
Ал дайынсыз болуп изделип жаткан 28 жана 23 жаштагы жигиттердин сөөгү коңшу өлкөдөн келгенин белгилеп, маркумдар Чаткал районундагы демаркация иштери жүргүзүлбөгөн өзбек-кыргыз чек арасын байкабастык менен кесип өтүшкөнүн билдирди.
Эске салсак, 1-сентябрда УКМКнын Чек ара кызматы 15-августта Өзбекстандын аймагында 2 кыргыз жараны окко учканын кабарлаган. Анда өзбек тарап алар чек арачылардын кармоо аракетине баш ийбегендиктен курал колдонулганы айтылат.