БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестинанын көз карандысыздыгын колдогон декларацияны жактырды.
Палестина жаңжалын «эки мамлекет» чечиминин негизинде жөнгө салуу тууралуу декларацияны 142 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да колдоду.
Израил менен АКШ баш болгон 10 мамлекет каршы добуш берсе, дагы 12 өлкө добуш берүүдөн карманды.
Декларация Сауд Арабиясы жана Франциянын демилгеси менен июль айында БУУда өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгында кабыл алынды.