Испанияда кафеде жарылуу болуп, 20дан ашык адам жаракат алды

Испаниянын борбору Мадриддеги кафеде болгон жарылуунун кесепетинен 25 адам жабыркады, алардын үчөөсү оор абалда. Бул тууралуу El Espanol басылмасы жазды.

Жарылуу Вальекас районундагы мекемеде болгон, бул Мадриддин борбордук бөлүгүнүн түштүк тарабында жайгашкан.

Өрт-куткаруу кызматынын маалыматына караганда, жарылуу кечээ жергиликтүү убакыт менен саат 15:00дө Мануэль Марото көчөсүндөгү имаратта болгон. Учурда жарылуунун себептери жана чыгымдары такталууда.

Эске салсак, 2004-жылдын март айында Мадридде бир катар жарылуулар болуп, 191 адам каза болгон, 1200дөн ашык адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан