Мессинин жаш кезиндеги сүрөтү түшүрүлгөн карта рекорддук баага сатылды

Аргентиналык футболчу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн коллекциялык карта 1,5 миллион долларга онлайн-аукциондо сатылды. Бул тууралуу ESPN медикомпаниясы кабарлады.

Panini‘нин 2004–2005-жылдардагы сериясынан алынган бул карта – футбол тарыхында эң кымбат бааланган карта. Мурдагы рекорд 2022-жылы бразилиялык Пеленин картасына төлөнгөн 1,33 миллион доллар болгон.

Месси 2004-жылы 17 жашында "Барселонанын" негизги курамында дебют кылган. Дебюттук сезонго байланышкан карталар коллекционерлер арасында өзгөчө бааланат.

Азыр 38 жаштагы Месси АКШнын "Интер Майами" клубунда ойноп жүрөт. Ал 2022-жылы дүйнө чемпиону, 2008-жылы Олимпиада чемпиону, 10 жолу Испаниянын, 2 жолу Франциянын чемпиону жана 4 жолу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан