Орусия Румыниянын дрон нааразычылыгын негизсиз деп атады

Бухаресттеги Орусия элчиси Олег Липаев Румыниянын аба мейкиндигин бузган деп айтылган дрон окуясына байланыштуу нааразычылыкты негизсиз деп атады. Бул тууралуу элчиликтин Telegram каналы жазды.

Элчи окуяны Киев режиминин атайын чагымчылдыгы катары баалап, башка европалык мамлекеттерди Орусияга каршы аралаштырууга аракет болуп жатканын билдирди.

Эске салсак, 13-сентябрда Румыниянын коргоо министрлиги өлкөнүн аба мейкиндигинде кезектеги белгисиз учуучу объект табылганын жарыялап, аны Орусиянын дрону деп билдирген.

Липаев учкучсуз аппараттын улуттук таандыктыгын тастыктаган объективдүү далилдердин жоктугун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан