Конор Макгрегор президенттик жарыштан баш тартты

UFC'нин мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Ирландиядагы президенттик жарыштан баш тартканын жарыялады.

"Үй-бүлөм болуп кылдаттык менен карап, талкуулагандан кийин мен президенттик жарыштан талапкерлигимди алып салуудамын. Бул оңой чечим болгон жок, бирок азыркы учурда бул туура чечим",- деп жазды ал X баракчасында.

Ирландияда президенттик шайлоо 2025-жылдын 11-ноябрына белгиленген. Сентябрь айынын башында Макгрегор президенттик жарышка катышарын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан