Токмок шаарында дүкөндөргө уурулукка кирген деген шек менен 19 жаштагы 2 жана 18 жаштагы 1 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга бир нече дүкөндүн ээлери кайрылып, белгисиз адамдар дүкөндөрдүн эшигин бузуп кирип, спирт ичимдиктерин жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендигин айтышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилишкен.
Тергөөдө шектүүлөр тарабынан 5 уурулук фактысы болгону аныкталып, тиешелүү далилдер алынган. Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар-жок экендиги текшерилүүдө.