2026-жылдагы "Евровидение" сынагына Израилдин катышуусуна каршы чыккан өлкөлөр көбөйүүдө

Израилге 2026-жылдагы "Евровидение" сынагына катышууга уруксат берилсе, бир катар өлкөлөр өздөрүнүн катышуусун токтоторун же кайра карап чыгарын жарыялашты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Испания, Ирландия, Словения, Исландия, Нидерланды өлкөлөрү Израилдин катышуусуна тынчсызданып, сынактан баш тартууга ниеттенсе, Бельгия акыркы чечимди декабрда кабыл аларын билдирди.

Өлкөлөр бул кадамды Газадагы абал жана Израилдин сынакты саясий максатта пайдаланганы менен түшүндүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан