Европарламенттин депутатынын унаасын Брюсселде аткылап кетишти

Бельгиянын борбору Брюсселде белгисиз адамдар Европарламенттин польшалык депутаты Вальдемар Буданын унаасына пневматикалык куралдан 9 жолу ок атышты. Окуя маалында саясатчы унаада болгон эместигин чет элдик басылмалар жазышууда.

Бельгия полициясы бул окуяны иликтеп жатат. Чабуулдун саясий себептери бар же жогу азырынча белгисиз.

Брюсселде баңгизат саткан топтордун тирешинен улам кылмыштуулук күчөп, коопсуздук абалы татаалдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан