АКШнын президенти Дональд Трамп Израил мындан ары Катарга сокку урбай турганын билдирди.
"Алар Катарга сокку урбайт",- деп ишендирди ал Ак үйдө журналисттин Израилдин жаңы сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу суроосуна.
Трамп Доха Вашингтондун жакын өнөктөшү экенин баса белгиледи.
Эске салсак, 9-сентябрда Израил Дохада жайгашкан ХАМАСтын лидерлери турган имаратка сокку урган. Катар бийлиги буга жооп болорун билдирген.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кийинчерээк билдирүү жасап, Катарды уюмдун саясий бюросунун мүчөлөрүн өлкөдөн чыгарууга же аларды жоопкерчиликке тартууга чакырган. "Эгер андай болбосо, биз жасайбыз" деген Нетаньяху.