Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан бир суткада кеминде 62 киши набыт болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны тактала элек. Газа шаарында бир нече турак жай имараттары зыянга учураган.
Буга чейин Axios порталы Израилдин жетекчилигиндеги булакка таянып, 15-сентябрда Коргоо күчтөрү Палестинанын Газа шаарын көзөмөлгө алуу максатында чабуул баштаганын жазган.