Варшавада өкмөт кварталынын үстүнөн дрон зыянсыздандырылды

Польша өкмөтүнүн кварталы менен Бельведер сарайынын үстүнөн учкан дронду Мамлекеттик коргоо кызматы зыянсыздандырды. Бул тууралуу кечээ, 15-сентябрда премьер-министр Дональд Туск социалдык тармак аркылуу билдирди.

Анын айтымында, окуядан кийин эки беларусь жараны кармалган. Буга байланыштуу Польша армиясы абадан коргонуу чараларын күчөттү. Туск бир нече сааттан кийин аба коркунучу жокко чыгарылганын кабарлады.

Эске салсак, 10-сентябрга караган түнү, орус аскерлеринин Украинага массалык соккусу маалында Польша чек арасын болжол менен 20дай дрон кесип өткөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан