АКШда Дэвид Раш аттуу адам 30 секкунд ичинде 51 жолу теннис тобун оозу менен тосуп, кайра түртүүгө үлгүргөн. Бул натыйжа расмий түрдө Гиннесстин рекорддор китебине киргизилгенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Мындан бир жыл мурун да ал ушундай ишти аткарган. Анда Раш 30 секунддун ичинде 47 жолу кайталоого жетишкен.