Улуу Британияда Трамптын расмий сапарынын алдында дрон учуруп жаткан адам кармалды

Британ полициясы Лондонго жакын жайгашкан Виндзор шаарчасында АКШ президенти Дональд Трамп келгенге бир нече саат калганда учкучсуз учуучу аппаратты учуруп жаткан 37 жаштагы эркек кишини кармады.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Трамптын мамлекеттик сапарына байланыштуу аба мейкиндиги убактылуу жабылган жана анын бузулушу катуу жазаланат.

АКШнын лидери Улуу Британияга экинчи ирет расмий сапары менен барууда.

Буга чейин полиция Темза дарыясында кошумча кайгуул уюштуруп, Виндзордогу британ монархтарынын резиденциясы жайгашкан аймактагы жээктерди да текшерүүгө ала турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан