Орусиянын Иркутск облусунун Зима шаарында окуучулардын ортосундагы жаңжалда 14 жаштагы окуучу бычакталганын Иркутск облусунун прокуратурасы билдирди.
Жабырлануучу Зима шаардык ооруканасына жеткирилип, керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда окуянын себептери жана жагдайлары иликтенүүдө.
Тергөө комитетинин Иркутск облусу боюнча Зима райондор аралык тергөө бөлүмү адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана шалаакылык беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери облустук прокуратуранын көзөмөлүндө.