Нарын облустук ички иштер башкармалыгы туристке туура эмес мамиле кылган адам аныкталганын билдирип, анын элден кечирим сураган видеосун жарыялады.
Облустук милиция 3 күн мурун, тагыраагы, 22-сентябрда социалдык тармактарда тараган видео боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын белгиледи.
Текшерүүдө Жумгал районунун Ч.Ж. аттуу тургуну чет элдик турист менен сүйлөшүү маалында жагымсыз сөздөрдү айткандыгы такталган. Ал эми англис тили мугалими түшүндүрмө берип, видеодо айтылган көрүнүш ага жакпагандыктан сүйлөшүүнү токтотконун билдирген.
Учурда факт боюнча мыйзам чегинде текшерүү иштери уланууда.