УКМК Чүй облусунун Аламүдүн районунун Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1 даана АКС-74 автоматы, 1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча, 5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин табылган.
"Белгиленген ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан",- деп билдирди атайын кызмат.
Учурда тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.