Бишкекте 40 жаштагы киши алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган айым анын ишенимине кирип, 250 миң сомго курулуш ишин бүтүрүп берем деп убада кылган жаранга чара көрүп беүүнү суранган. Себеби, жабырлануучу шектүүнүн электрондук капчыгына 1 400 доллар которгондон кийин ал изин жашарып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.