
Жалал-Абад шаарындагы гүлдөрдү талкалаган жаран кармалып, коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя 25-сентябрга караган түнү
болуп, милиция тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштаган. Натыйжада 1986-жылы туулган шаар тургуна
О.Ж. тергөөгө жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кармалган жаран мас абалында бул ишке барганын билдирип, шаардыктардан жана кызматкерлерден кечирим сурады.
Мэрия жол четине орнотулган 100дөй гүл талкаланып, анын кесепетинен шаарга 100 миң сомдон ашык чыгым келтирилгенин белгиледи.