Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 50 сотук жер тилкесине долбоор жасатып берем деп алдоо жолу менен 1 миллион сом акча алган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган райондун тургуну милицияга арыз жазып, долбоорун же акчасын кайтарып бербей жаткан жаранга чара көрүп берүүнү суранды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен иш козголду. Натыйжада шектүү катары ошол эле райондун 1975-жылы туулган О.С. аттуу жараны кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.