Бишкекте милиция кызматкерлерин сөккөн делип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-сентябрда болжол менен саат 04:45те ИИМдин жана Чек ара кызматынын кызматкерлери Бишкектинн Октябрь районунун аймагынан Bestun үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун спирт ичимдигин ичкенин текшерүү учурунда ал кызматкерлерге карата агрессивдүү мамиле жасап, уят сөздөрдү айткан.
Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки иликтөө иштери башталган. Натыйжада ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шаардык милиция ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.