Бишкекте 18 жаштагы жигит көп кабаттуу имараттын 5-кабатынан кулап кетти. Маалыматты Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 26-сентябрда Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан курулушта болгон. Жигит оор жаракат менен ооруканга жеткирилген. Факт каттоого алынып, тергөө иштери башталды.
Райондук милиция бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын кошумчалады.