Кара-Суу районунда алдамчылыкка шек саналып жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрда милицияга 41 жаштагы киши арыз менен кайрылган. Ал 2021-жылдын жаз мезгилинде Савай айыл аймагынын 34 жаштагы тургуну эки жер тилкесинин тийиштүү документтерин бүтүрүп берүүнү убадалап, 170 миң сомун алып, бирок милдетин аткарбай кеткенин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.