Бишкек шаардык милициясы вебкам-студия уюштурууга шектелип 30 жана 19 жаштагы жарандар кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилип, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шаардык милиция учурда тергөө иштери улантылып жатканын, кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.