Бишкекте эл ташыган автобустун айдоочулары жаңжалдашты (видео)

Бишкекте жаңжалдашкан эки коомдук транспорттун айдоочуларына чара көрүлдү. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Райондук милиция социалдык тармактарда 4-шаардык оорукананын жанындагы аялдамада чырдашкан автобустун айдоочуларынын видеосу тараары менен факт каттоого алынып, текшерүү иштери болгонун белгиледи.

Натыйжада алар аныкталып, 38 жана 37 жаштагы кишилер милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алар арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок иш Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен каралып, сотко өткөрүлгөн.

Бишкекте эл ташыган автобустун айдоочулары жаңжалдашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан