Бишкектин Жогорку Орок айылында өспүрүмдү унаасы менен сүзүп кетүүгө шектүү айдоочу кармалды. Маалыматты бүгүн, 29-сентябрда шаардык милициядан тастыкташты.
Окуя боюнча териштирүү иши башталды. Айдоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө иши улантылууда.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин Жогорку Орок айылында айдоочу өспүрүмдү сүзүп кетти делген видео тараган.