Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган А.А. аттуу жаран кармалды.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, шектүү өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган. Ал карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу үчүн жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн.
Аталган жаран кармалган учурда автоунаадан Орусиянын ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешеси бар буюмдар табылган. Тергөө уланууда.
Аталган жарандан жапа чеккендер 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылса болот.