
Бишкекте бийликтин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атын жамынып, алдамчылык кылган жаран кармалды.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 1 миллион 925 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жүргөн жеринен С.У. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп, анын мыйзамсыз иш-аракетинин башка мүмкүн болгон учурлары да иликтенүүдө.
Айта кетсек, ушуга окшош аракеттер менен Жалал-Абад облусунда УКМКнын жалган кызматкери
кармалды.