Ошто эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жактагандар жашаган 3 жер боюнча санкцияланган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирип, бул иш-чаралар облустук милициянын кызматкерлери менен биргеликте ишке ашканын кабарлады.
Тинтүү иштеринин натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар табылды. Алар 25 китеп, 1 телефон, 6 дептер, 5 баракча болуп саналат. Табылган буюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик мекемесине жөнөтүлдү. Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишинин шектүүлөрүнө карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.