Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча жана ок-дары сактагандыгы үчүн кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тапанча жана ок-дары сактагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин министрлик жанында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал алып жүргөн жаран тууралуу маалымат алган. Ал Дөө Чыңгыздын уюшкан кылмыштуу тобуна киргендиги айтылган.
Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Натыйжада Бишкек шаарынын аймагында 36 жаштагы Т.Б. кармалган.
Өздүк кароо учурунда шектүүдөн номуру өчүрүлгөн "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча жети огу менен табылган.
Учурда кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан