17-январда өлкө боюнча айрым жерлерде кар жаап, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөнкүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -12°C
Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -14°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -9°C
Баткен облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -24°C
Бишкек шаары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -9°C
Эскертуу
2014-жылдын 16-январынан 18-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-чакырым, 198-265-чакырым), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-чакырым, 145-150-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100-чакырым) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.