Тротуарга жайылган акча... Бишкекте 7 миң доллар опузалаган жактоочу кармалды (видео)

Бишкекте 7 миң долларды опузалап талап кылган А.С. аттуу жактоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, 24-сентябрда жактоочу акчаны алып жаткан кезде колго түштү. Ал ири суммадагы каражатты Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарууга жардам бериш үчүн талап кылган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен тергөө абагына киргизилди.

Бишкекте 7 миң доллар опузалаган жактоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан