Жылнаама, 17-январь: 1860-жылы драматург Антон Чехов жарык дүйнөгө келген

1860-жылы (154 жыл мурун) орустун улуу жазуучусу Антон Павлович Чехов Таганрог шаарында жарык дүйнөгө келген. Чеховдордун үй-бүлөсү Москвага көчүп келип, 19 жаштагы Антон Москва университетинин медициналык факультетине тапшырат. 1880-жылы анын биринчи аңгемелери басылмаларда жарык көрүп, адабиятта жазмакерлик ишмердиги башталат. Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин дарыгер болуп иштеп, чыгармачылыкты кошо улантып, ошол кездеги орус интеллигенциясынын арасында тез эле оозго алынат. Ал дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын казынасына бир катар повесть, аңгемелерден башка «Иванов», «Алчалуу бак», «Үч эже-сиңди», «Ак чардак», «Ваня таяке» деген пьесаларды калтырды. Ал 1904-жылы Түштүк Германиянын Баденвейлер шаарына дарыланганы барып, кургак учук кеселинен жакшы боло албай 15-июлда 44 жашында каза болгон. Анын сөөгү Москванын Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.

 

1942-жылы (72 жыл мурун) 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган америкалык мушкер Мухаммед Али (чын аты-жөнү Кассиус Клей) АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн.

Тарыхтагы эң улуу мушкерлердин бири катары таанылган Мухаммед Али саясатта да өз көз карашын ачык айтып, Вьетнамдагы согуштук аракеттерге кошулуудан баш тарткан. Өзгөчө келишпес каршылашы Жоу Фрейзерге каршы ушундай маанайда айткандарын айрымдар текербердик катары кабылдаган. 1981-жылы бокстан биротоло кеткенден кийин Мухаммед Али коомдук маселелер менен алек боло баштаган.  Легендага айланган Мухаммед Али капыстан паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан.

 

1962-жылы (52 жыл мурун) "Бет кап” тасмасы аркылуу атактуу болгон актёр жана комик Жим Керри Канаданын Онтарио провинциясындагы Ньюмаркет деген жеринде туулган. Ал АКШдагы эң көп гонорар төлөнгөн комиктердин тизмесинин башында турат. 

Жим Керри өзүнүн эмгек жолунда эки ирет "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болсо, алты жолу ал сыйлыкка көрсөтүлгөн. Бирок "Бет кап", "Алдамчы", "Колунан баары келген Брюс" сыяктуу бир топ тасмалардын көркүн ачкан актёр, комедиялуу кинонун "атасы" Жим Керри бир да жолу "Оскарга" талапкер болгон эмес. 

 

 

 

 

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан