"Хайп кармайм деп..." Киши колдуу болгон кыздын тууганы делген жигит кармалды (видео)

Ысык-Көлдө киши колдуу болуп каза тапкан өспүрүм кыз тууралуу туура эмес маалымат тараткан жаран кармалды. Ал массалык маалымат каражаттарына "хайп" кармоо үчүн маек бергендигин ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал 2002-жылы туулган Сыймык Нарынбек уулу аттуу жаран болуп чыкты. Бул жаран маркумдун тууганы эместиги аныкталды.
"Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок. Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды",- деп белгиленген маалыматта.
Учурда аталган жаран Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматына жеткирилди. Анын иш-аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу маалымдаган.

Киши колдуу болгон кыздын тууганы делген жигит кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан