Ысык-Көлдүн Барскоон айылында киши колдуу каза болгон кыздын өлүмүнө шектүү жаран эки айга камалды. Маалыматты бүгүн, 1-октябрда облустук соттон тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен шектүү 29-ноябрга чейин Жаза аткаруу кызматынын Каракол шаарындагы №23-мекемесинде (СИЗО-3) кармалат.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу маалымдаган.