Ысык-Көлдүн Тоң районунда 120 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилке Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Карасай участкасында жайгашкан. Ал 2008-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткен.
Натыйжада жалпы баасы 102 миллион сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылган.