Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган адамдын мурда эмне үчүн соттолгону айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2006-жылдын 8-ноябрындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен А.К.К. Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгүндө (Тоноо, башканын мүлкүн ачык тартып алуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, мамлекет пайдасына 5000 сом өлчөмүндө айып пул төлөө жаза чарасы дайындалган.
2016-жылдын 11-февралындагы ошол эле соттун өкүмү менен А.К.К. Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) кылмышты жасаган деп табылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакта 12 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.
Бирок 2016-жылдын 12-майындагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Октябрь райондук сотунун 2016-жылдын 11-февралындагы өкүмү өзгөртүлгөн.
Анда А.К.К.нын мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга эркинен ажыратуу (Курал колдонуп тоноо), Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (Адам уурдоо) 3 жылга эркинен ажыратуу каралган.
Кылмыштардын жыйындысы боюнча А.К.К.га акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратуу дайындалган. Калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган. А.К.К. сот тарабынан дайындалган жазасын өтөгөн.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жашар кыздын жансыз
денеси табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалып, ИИМ окуя тууралуу
маалымдаган.