Бишкекте жөн турган кызды тээп өткөн киши кармалды (видео)

Бишкекте эч себепсиз эле өтүп бара жатып кызды тээп кеткен 30 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 1-октябрда 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан ресторанда болгон. Шектүү Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча кармалган.

Шаардык милиция учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта экенин кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда бир адам өтүп бара жатып жөн турган кызды жамбашка тээп өткөнү тартылган видео тараган.

Бишкекте кызды тепкен киши кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан