"Аль-Каиданын" “аль-Нурса” сириялык террористтик уюмунун башчысы Абу Мухаммад аль-Жалани аял кийимчен кармалды. Бул тууралуу 16-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал Сириядан Ливанга качып бараткан жеринде кармалган. Аль-Жалани паранжа кийимчен, каштары терилген, сакалы алынган жана помада коюлган бойдон бир нече көзөмөл өткөрүүчү бекеттерден өтүп кеткендиги аныкталды.