Өлкөдөгү мектептерде бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган экологиялык марафон өтөт 

13-24-октябрда Кыргызстандын төрт мектебинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Жашыл ачылыштар марафону” өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Быйыл бул майрам “Азык-түлүктүн сапатын жакшыртуу жана бакубат келечек үчүн колмо-кол биргеликте” деген ураандын астында белгиленет.
Маалым болгондой, иш-чараны Агартуу министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргелешип уюштурууда.
Мекемеден билдиришкендей, эки жуманын ичинде 4-класстардын окуучулары практикалык сабактар аркылуу тамак-аштын “бакчадан табакка чейинки” жолун изилдеп чыгышат: үрөн сээп, өсүмдүктөргө кам көрүп, суунун, жердин жана тамак-аштын баалуулугун түшүнүшөт. Ошондой эле күнүмдүк адаттардын жаратылышка тийгизген таасирин билишет.
Марафондун жыйынтыгында “Бакчадан табакка чейин” аттуу фестиваль өтүп, анда окуучуларды кызыктуу квесттер, мастер-класстар, театрлаштырылган оюн-зоок жана “Жашыл планета” деп аталган жамааттык арт-объектти жаратуу күтөт.
Иш-чара төмөнкү мектептерде өткөрүлөт:
● Кожомкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп (Чүй облусу, Панфилов району)
● Айтматов атындагы №69 жалпы билим берүүчү орто мектеп (Ош облусу, Кара-Суу району)
● Нургазиев атындагы №29 жалпы билим берүүчү орто мектеп (Жалал-Абад облусу, Токтогул району)
● Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп (Талас облусу, Айтматов району)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан