Нургазы Асылбеков Талас шаарынын мэри болуп дайындалды

Нургазы Асылбеков Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Нургазы Асылбеков президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.

Эске салсак, Талас шаарынын буга чейин Байышбек Астанакулов жетектеген. Ал бул кызматты 2024-жылдын августунан бери аркалап келген. 2025-жылдын февраль айында президент ага кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан