Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт жана эл аралык укуктун принциптерине, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Израил менен ХАМАС жаңжалды жөнгө салуу планынын биринчи этабы боюнча келишимге бүгүн кол коюшат. Келишимден кийин Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирет.