Биз социалдык тармакта

Каза болуп калышкан... Кара-Балтада эки өспүрүмдү сүзүп алган айдоочу кармалды

Кара-Балта шаарында эки өспүрүмдү сүзүп алган деген шек менен жүк ташуучу унаанын 69 жаштагы айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-октябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Чапаев көчөсүндө жүк ташуучу унаанын айдоочусу 7 жана 8 жаштагы өспүрүмдөрдү сузүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен эки өспүрүм окуя болгон жерде каза болушкан. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан