
Бүгүн, 19-октябрда Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:34тө 4 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты жөнөтүлгөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө кошумча 3 унаа жерине тартылган, Ошондой эле Кара-Суу районунан да чакыртылган. Учурда ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган.
Мындан тышкары жерине кошумча ИИМден, "Тез жардам" кызматынан жана РЭТтин кызматкерлери жөнөтүлгөн. Кошумча маалымат берилет.