Жылнаама, 18-январь: Мындан 28 жыл мурун "Жылдын супер актёру" наамынын ээси Бектемир Мамаюсупов төрөлгөн

* “Винни-Пух” жомогунун автору, англиялык жазуучу Алан Александр Милн мындан 132 жыл мурун, 1882-жылы Лондондун Килбёрн районунда туулган. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. Согуштан кийин көптөгөн жылдар бою англиялык "Панч" юмордук журналында иштеген. Винни-Пух тууралуу окуяларды өзүнүн уулу Кристофер Робин Милн үчүн ойлоп таап, жаза баштайт. Винни тууралуу чыгармасына чейин Алан Александр Милн атагы алыска тараган драматург болгон. Бирок Винни-Пух жөнүндө чыгармасы жарык көргөндөн кийин анын атагы мурункудан да өскөн. 

*Мындан 28 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1986-жылы "Салам, Нью-Йорк!" фильмине тартылгандан кийин атагы чыккан таланттуу актёр Бектемир Мамаюсупов төрөлгөн. Ал Бишкектеги №66-мектепте 7-класска чейин окуп, андан соң түрк лицейине тапшырган. Окууну бүткөндөн кийин Политехникалык университетте 3-курска чейин билим алып, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул Кытай жергесинде анын актёрдук шыгы ойгоно баштаган. Анткени ал жакта чет элдик фильмдер көп тартылат эмеспи. Досу экөө акча табуу үчүн массовкаларда ойноп башташат. 

Жаш талант 2011-жылы АКШны көздөй жол тартып, ал жактан көп кыйынчылыктарга туш болот. Ошентип ал жакта жүрүп "Салам, Нью-Йорк!" фильмине кастинг жарыяланганын угуп, кол телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада Баатыр аттуу жигиттин ролун мыкты жаратканы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган. 

Бектемир Мамаюсупов андан сырткары "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" сыйлыгынын ээси – "Бишкек, мен сени сүйөм!" тасмасына да тартылган. 

*2013-жылы 18-январда кечки саат 17:00 чамасында Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" аталып жүргөн 29 жаштагы Урмат Садабаевди өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Маркум шаардын "смотрящийи" жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кара-Балта ШИИБинин каттоосунда турган. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 ок табышкан. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, У.Садабаевди кылмышкерлер үйүнө келе жаткан учурда атышкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан