Аба ырайы, 18-январь: Өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт

18-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт, бирок жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөнкүдөй: 

 

Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -12°C

Талас облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -19°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -9°C

Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -13°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -12°C

Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -23°C

Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -9°C 

Эскертүү!

2014-жылдын 16-январынан 18-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-чакырым, 198-265-чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-чакырым, 145-150-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100-чакырым) унаа жолдорунда кар көчкүнүн түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан