Дүйшөмбүгө караган түнү Ооганстанда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 7 адам каза болуп, 150 жаран жаракат алган. Жер титирөө Ооганстандын борбордук бөлүгүндө катталып, силкинүү Казакстандын Түркстан облусунда да байкалган.
Жергиликтүү бийлик жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткенин билдирген.