Бишкекте кошунасын курал менен коркуткан делип кармалган 51 жаштагы кишиге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Тагыраагы, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кошунасы арыз жазган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин кошунасын коркутууга шектелип 51 жаштагы кишинин кармалганы маалымдалган. Окуя Жумушчулар шаарчасында 30-октябрда болгон.