Бүгүн, 6-ноябрда Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга ӨКМдин тик учагы учуп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткарууга таң эрте 28 адам, 6 техника тартылган.
"5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми кечээ ашууга ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “China Railway International” компаниясынан 4 адам жүктөгүч менен чыгышкан.
Министрлик куткаруу иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат бериле турганын белгиледи.