19-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт, тоолуу аймактардагы унаа жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөнкүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -12°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +11°C, түнкүсүн -7°C
Баткен облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -11°C
Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -23°C
Бишкек шаары. Күндүз +13°C, түнкүсүн -5°C
Эскертүү!
2014-жылдын 19-январынан 21-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-чакырым, 198-265-чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-чакырым, 145-150-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100-чакырым) унаа жолдорунда кар көчкүнүн түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.